Президент Садыр Жапаров 25-27-июлда Францияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Жапаровду Францияга президент Эммануэл Макрон чакырган. Ал 25-июлда «Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге» аталышындагы Париж саммитине катышат.
Ошондой эле 26-июлда Садыр Жапаров XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат.