Садыр Жапаров Өзбекстанга 26 жетекчини ээрчитип барды

18.07.2024 | 14:01

Садыр Жапаров  мамлекеттик сапар менен Ташкентке барды. Аны аэропорттон Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхан Хошимова менен тосуп алды.

Сапарда президентти Айгүл Жапаровадан сырткары, 11 министр, 6 губернатор, 1 мэр, элчи жана дагы 7 жетекчи коштоп жүрөт. Кыргызстандын медиа өкүлдөрү бир нече күн мурда Ташкентке жөнөп кетишкен.

Бүл күндөр Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт.

Кыргыз делегациясынын курамы:

– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев;

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Джаманбаев;

– Башкы прокурор Максат Асаналиев;

– билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;

– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

– саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

– транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;

– экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

– эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова;

– энергетика министри Таалайбек Ибраев;

– юстиция министри Аяз Баетов;

– Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

– Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурлан Орунтаев;

– Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;

– Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов;

– Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

– Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев;

– Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов;

– Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев;

– Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев;

– Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев;

– Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков;

– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

Scroll to Top