Дастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштадыБаткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен кетти
20.02.2024 | 17:02
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда иш сапары менен Россияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Казань шаарында өтө турган “Келечек оюндары” эл аралык мультиспорттук мелдештин ачылыш аземине катышат.
Мындан тышкары сапардын алкагында Жапаров Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы:
– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом