Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин ким иштетип, ким пайдасын көрөрүн айтат

Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин ким иштетип, ким пайдасын көрөрүн айтат

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин мамлекет иштетет. Бул тууралуу Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, кенди иштетүүгө уруксат алган компаниянын лицензиясы жокко чыгарылды.

«Силердин 2019-жылы чыккан митингдериңердин бир пайдасы — жеке менчик компания менен келишим үзүлдү. Аны былтыры жокко чыгардык. Кенди толугу менен мамлекет иштетет. Бир тыйын дагы четке кетпейт. Жыл сайын 50 баланы Россияга окууга жөнөтүп турабыз. Миңден ашык жумушчу орун түзүлүп, Балыкчы, Тоңдун тургундары иштейт», — деди президент.

Садыр Жапаров кендин зыяны алдын-ала изилденерин айтты.

«Бул жерде популизмдин кереги жок. Зыян болсо зыян. Менин дагы туугандарым ушул жерде жашайт, мен өзүмө душман эмесмин да», — дейт ал.

Өлкө башчысы уран казып алууга тыюу салган мыйзам жокко чыгарыларын айтты.

Белгилей кетсек, Кызыл-Омполду иштетүү демилгеси 2019-жылы көтөрүлүп, уранды казып алууга каршы Ысык-Көлдө жана Бишкекте нараазычылык акциялары өткөн.

Кенде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 2010-жылы UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы лицензия алып, анын мөөнөтү 2021-жылы аяктаган.

2019-жылы Кыргызстандын аймагында уран казып алууга тыюу салган мыйзам дагы кабыл алынган.

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси кайра көтөрүлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>