Ошто Экстремизмге каршы күрөшүү кызматынын 33 жылдыгы белгиленди

Ошто Экстремизмге каршы күрөшүү кызматынын 33 жылдыгы белгиленди

Ош облусунда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын түзүлгөндүгүнүн 33 жылдык маарекеси белгиленди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарада кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар кызматкерлер ИИМдин “Кадырман”, “Кыргыз милициясына 95 жыл”, “Экстремизмге каршы күрөшүүдө сиңирген эмгеги үчүн” медалдары, “Мыкты кызматкер”, “Мыкты кызмат өтөгөндүгү үчүн” төш белгилери жана Ардак грамоталар менен сыйланды.

“Салтанаттуу иш-чарага кызматкерлердин апалары жана жубайлары конок катары чакырылып, аларга  ИИмдин Ардагерлер кеңешинин «Мээримдүү айым» жана «Офицердин жубайы» медалдары ыйгарылды”, — деп айтылат маалыматта.

Облустук милициянын башчысы Жеңишбек Жоробеков сыйлык ээлерине Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин атынан куттуктоо сөзүн айтып, кыргыз милициясынын өсүп, өнүгүшүнө, мыйзамдуулуктун сакталышына жана өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон зор салымдары  үчүн терең ыраазычылык билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>