Садыр Жапаровду колдоо штабынан тыңшоочу жабдык табылды

Садыр Жапаровду колдоо штабынан тыңшоочу жабдык табылды

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровду колдоо штабынын шыбынан үн тыңшоочу жабдык табылды. Бул тууралуу штабдын мүчөлөрү социалдык түйүндөргө жарыялашты.

Маалым болгондой, жабдык 17-февралда саат 17:00 чамасында табылган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери дагы табылган буюм тыңшоочу  жабдык  экенин аныкташкан.

Садыр Жапаровду колдоо штабынын мүчөлөрү жабдыкты атайын кызмат орноткон болушу мүмкүн  экенин айтышууда.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди «барымтага алган» деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Өткөн жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>