Киши өлтүрүп эл аралык издөөдөгү кыргызстандык Москвадан кармалдыШайлоо. Адылбек Касымалиев республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдүЭмне үчүн Афганистан-Пакистан кагылышуусу чек ара чатагынан олуттууракСадыр Жапаров Реми Дюфлону кабыл алды: Кыргызстан – Европа Биримдиги менен кызматташууну чыңдоого даярОоганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдүБыйыл Кытай менен АКШнын ортосунда соода жүгүртүү 14,4%га азайган
Салык кызматы 151 млн сомго белек сатып алат. Себеби
09.06.2023 | 11:20
Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы үчүн байгелерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалым болгондой, белектерди 151 млн сомго сатып алуу пландалууда.
Салык кызматы лотереяга байге катары 37,1 млн сомго 20 электрунаа, 80 млн сомго 1 миң телефон жана 18,5 млн сомго 1 миң телефон, 1,4 млн сомго чет өлкөгө 6 жолдомо, 2 млн сомго 40 стайлер жана 12 млн сомго 300 ноутбук сатып алмакчы.
Тендер боюнча арыздар 22-июнга чейин кабыл алынат.
«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышуу шарттары тууралуу lottery.salyk.kg сайтынан биле аласыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом