Бишкекте унаа уурдап жүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкекте унаа уурдап жүргөн шектүүлөр кармалды

Бишкекте унаа уурдап жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-майда милицияга шаар тургуну кайрылып, ошол эле күнү саат 23:00до белгисиз адамдар Аudi 100 унаасын уурдап кеткенин билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автоунааны айдап качуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы М.Ж., А.Б. жана 20 жаштагы А.Э. кармалган. Райцондук соттун чечими менен алар эки айга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, алардын ушул сыяктуу дагы эки фактыга катыштыгы аныкталган. Учурда уурдалган Аudi 100 унаалары ээлерине кайтарылган.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0500 102 305, 0700 002 020 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>