Бишкек: Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек: Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бала бакча эки кабаттуу болуп салынууда. Имараттын жалпы аянты 2927 чарчы метр, ал эми жердин аянты 0,8 гектарды түзөт.

«Имаратта кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда чуңкурду казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>