Кыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулду
Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүнө байгелерди берип баштады
22.02.2024 | 09:38
Салык кызматы 2023-жылы 25-декабрдан 30-декабрга чейин өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын 2-этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшырууну баштады.
Мекеменин билдирүүсүндө, утуштар кезеги менен берилет, бирок жеңүүчүлөр телефон чалууну күтүп олтурбай өздөрү Салык кызматы менен байланышка чыкса болот.
Байгелерди алуу толугу менен акысыз.
Белгилей кетсек, лотереянын 21 катышуучусунун утушу жокко чыгарылган. Жалпысынан 1 миң 244 жеңүүчү аныкталган. Алар 10 батир, 11 электромобил жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомо утушкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом