Бишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилди
Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүнө байгелерди берип баштады
22.02.2024 | 09:38
Салык кызматы 2023-жылы 25-декабрдан 30-декабрга чейин өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын 2-этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшырууну баштады.
Мекеменин билдирүүсүндө, утуштар кезеги менен берилет, бирок жеңүүчүлөр телефон чалууну күтүп олтурбай өздөрү Салык кызматы менен байланышка чыкса болот.
Байгелерди алуу толугу менен акысыз.
Белгилей кетсек, лотереянын 21 катышуучусунун утушу жокко чыгарылган. Жалпысынан 1 миң 244 жеңүүчү аныкталган. Алар 10 батир, 11 электромобил жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомо утушкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом