Санитардык ченемдерди сактабагандарга салынган айып пулдун суммасы 900 миң сомдон ашты

Санитардык ченемдерди сактабагандарга салынган айып пулдун суммасы 900 миң сомдон ашты

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 900 миң сомдон ашык суммага айып салынды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

2020-жылдын 1-майынан 22-майына чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун алкагында, ӨК жана ӨА режими алынгандан кийин ишмердүүлүгүн жанданткан объекттерди текшерип чыгышты.

Республика боюнча жалпы 6 миң 891 объект текшерилди:
Бишкек – 768;
Ош облусу – 2706;
Баткен облусу – 590;
Жалал-Абад облусу – 543;
Талас облусу – 180;
Ысык-Көл облусу – 1385;
Чүй облусу – 428;
Нарын облусу – 245.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлдү: 2710 жазма эскертүү, 707 протокол, 9 эскертүү берилди.

Коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айыптар салынды. Ошондой эле 15 материалга баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>