Шабданбаев дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Шабданбаев дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Канат Шабданбаев жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Шабданбаев 1982-жылы 9-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Талды-Суу айылында туулган.

Билими жана квалификациясы:

Жогорку юридикалык билими бар.

1999-2004-жылдары – «Ишмердик жана укук» Москва институтунун Караколдогу филиалын бүтүргөн.

Факультет: Юриспруденция

Адистиги: юрист

Спорттук разряд: 2019-жылы ардагерлер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси;

Ардагерлер арасында спорттук күрөш федерациясынын президенти;

грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, «Кулатуу» боюнча спорт чебери;

грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында Кыргыз Республикасынын чемпиону;

Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги.

Эмгек жолу:

2006-2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички аскерлеринде мөөнөттүү кызмат өтөгөн;

2007-2014-жылдары – «ЕвроСтройКонтракт» ЖЧКнын директору;

2014-2017-жылдары – «Марат и Партнеры» компаниясында юрист;

2017-2020-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Спорттук курулуштар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директору.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>