Таш-Көмүр шаарында 1,5 млн долларга көмүрдү кайра иштетүүчү завод курулуудаКыргызстандын ИДПсы тогуз айда 10,8% өстү: экономиканын негизги көрсөткүчтөрү«Дордойдогу» өрт: 25 контейнер жабыркап, кылмыш иши козголдуКыргызстанда ажырашкандан кийин мурдагы жубайын үй менен убактылуу камсыздоого милдеттендирүү каралуудаУКМК «НЭСКтин» эки кызматкерин пара алуу боюнча кармадыКыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы бекитилди
Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт
30.01.2026 | 14:44

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 31-январдан 2-февралга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн билдирди.
Кар көчкү түшүү коркунучу төмөнкү аймактарда мүмкүн:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).
Жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңушу күтүлөт. Буга байланыштуу айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо эскертилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом