Кыргызстандык стендап-комик Элдос Алмазов каза болду. Ал 29 жашта эле

Кыргызстандык стендап-комик Элдос Алмазов операция учурунда каза болду. Ал 29 жашта эле. Бул тууралуу анын бөлө карындашы артисттин Telegram-каналында билдирди.
«Кечээ операция учурунда Элдостон айрылып калдык. Бул баарыбыз үчүн, өзгөчө анын ата-энеси үчүн чоң жоготуу», – деп айтылат билдирүүдө.
Алмазов остеосаркомадан – сөөк ткандарынын залалдуу шишигинен дарыланып жүргөн. Ал химиотерапиядан өтүп, шишикти алып салуу операциясын башынан өткөргөн. Октябрда комик жазылуучуларына химиотерапиянын кезектеги курсунан кийин абалы начарлаганын айткан.
Элдос Алмазов Ош облусунан. ЖМКлардын маалыматы боюнча, 2018-жылы ал Москвага көчүп барып, 2021-жылы ТНТ каналындагы «Открытый микрофон» шоусуна катышкандан кийин белгилүү болгон, анда Алексей Щербаковдун командасында жарым финалга чейин жеткен. Генетикалык оорусунан улам Алмазовдун бою 130 сантиметрдей болчу, бул өзгөчөлүгүн ал өз чыгууларында көп тамашага айландырчу.