25-февралга карата аба ырайыКР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду
Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү жүрүшү мүмкүн
19.02.2023 | 19:46
19-февралдан 22-февралга чейин жаай турган жаан-чачын, карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, төмөнкү жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:
- Бишкек – Ош жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана 356-358-чакырымында (Көк-Бел ашуусу),
- Суусамыр –Талас –Тараз жолунун 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу),
- Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 58-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу),
- Красная-Горка – Акташ жолунун 0-4-чакырымында,
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында,
- Бишкек- Нарын – Торугарт 292-305 (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы) жана 354-358-чакырымында (Кызыл-Бел ашуусу),
- Казарман – Актал-Чат жолунун 42-44 (Ийри-Суу тилкеси) жана 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),
- Арал – Миң-Куш жолунун 1-14-чакырымында,
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун (Талдык ашуусу) 160-179-чакырымында,
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык жолунун 98-136-чакырымында
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом