Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

19-февралдан 22-февралга чейин жаай турган жаан-чачын, карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, төмөнкү жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана 356-358-чакырымында (Көк-Бел ашуусу),
  • Суусамыр –Талас –Тараз жолунун 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу),
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 58-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка – Акташ жолунун 0-4-чакырымында,
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында,
  • Бишкек- Нарын — Торугарт 292-305 (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы) жана 354-358-чакырымында (Кызыл-Бел ашуусу),
  • Казарман — Актал-Чат жолунун 42-44 (Ийри-Суу тилкеси) жана 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),
  • Арал — Миң-Куш жолунун 1-14-чакырымында,
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун (Талдык ашуусу) 160-179-чакырымында,
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 98-136-чакырымында

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>