Мурдагы президенттердин жолугушуусу. Саясий серепчи кошумча маалыматтар менен бөлүштү

Мурдагы президенттердин жолугушуусу. Саясий серепчи кошумча маалыматтар менен бөлүштү

Россиялык саясий серепчи жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов жеке булактарына таянып, президент Садыр Жапаров менен Кыргызстандын мурдагы өлкө башчыларынын 17-февралда Дубайда өткөн жолугушуусу тууралуу айтып берди.

Сөз башында Дубнов аталган жолугушуу Кыргызстандын коомчулугунда катуу талкууга алынганын, башкы сын-доомат 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качып, кийин соттолгон Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтып келүү мүмкүндүгүнө байланыштуу болгонун белгилеген.

«Дубайдагы жолугушууну уюштургандарга жакын жеке булактардан алынган маалыматтар боюнча, тиешелүү юридикалык, соттук процедураларсыз анын (Курманбек Бакиевдин – ред.) кайра келиши, кандайдыр бир мунапыс берүү, ал турсун кечирүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Бакиевге президент Жапаров тарабынан айтылган. Ак үйдүн мурдагы кожоюндарынын жолугушуусу төрт саатка созулуп, чыны менен кызуу өткөн.

Белгилүү болгондой, Дубайдагы жолугушуудан бир нече жума мурда Жапаров төртүнчү менен бешинчи президентти, Атамбаев менен Жээнбековду кайсы бир деңгээлде жараштырууга жетишкен. Бул нерсе ал алтоонун жолугушуусуна мүмкүндүк берген.

Жеке булактардын маалыматына караганда, Жапаров ынтымакка келүү ниетин көрсөтүүгө аракет кылып, президент болуп турганда анын бир нече тууганын түрмөгө отургузган Атамбаевге эч кандай кусаматы жок экенин билдирген», — дейт ал.

Дубнов билдиргендей, Алмазбек Атамбаев ал болбогондо, Жапаров президент болбой калмак экенин айтып тамашалаган.

«Жолугушууга катышкандардын ичинен жалгыз Атамбаев жолугушуу тууралуу өзүнүн ойлору менен кыскача бөлүшүп, эч ким менен коштошпой чыкканын белгилеп өттү. Чынында ошондой болгон экен. Аны да чеберчилик менен жасаптыр – дааратканага чыгам деп айтып, андан кийин келбей койгон…», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын 18-февралда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жарыя кылган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушуу болгонун ырастап, ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкан билдирген.

19-февралда ал жолугушуу тууралуу Алмазбек Атамбаев үн катып, жолугушуу тууралуу учкай айтып өткөн.

Атамбаев мурдагы президенттердин жолугушуусу боюнча үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>