Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына 43 адам шаурмага ууланып кайрылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды, алардын экөө жаш бала. 20 бейтап үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.
Министрликтин билдирүүсүндө, бейтаптардын абалы туруктуу, керектүү дары-дармектер менен камсыз болушкан.
Белгилей кетсек, уулангандар «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым жайларынан шаурма сатып алышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз