Үй-бүлө кодексинин жаңы долбоору даяр боло элек

Үй-бүлө кодексинин жаңы долбоору даяр боло элек

Үй-бүлө кодексин жаңы  долбоорун даярдап жаткан жумушчу топтун иши уланууда. Бул тууралуу  Reporter.kg’ге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөгө колдоо, балдарды коргоо жана гендердик саясат боюнча башкармалыктын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев билдирди.

Анын айтымында, коомдук уюмдар жана жарандардан көп сунуштар келип түшүүдө.

“Жумушчу топтун иштөө мөөнөтү чектелген эмес. Эки айдан бери иш алып барууда. Сунуштар өтө көп болгондуктан баарын кылдат карап жатабыз. Азыркы жумушчу топ алдын-ала долбоорду иштеп чыгып, аны жалпы топко сунуштайт”, — дейт Бакыт Тодогелдиев.

Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров апрель айында жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгып, ал май айында парламентке сунушталарын айткан. Өкмөт ага  үй-бүлө эркек менен аялдын ортосунда гана түзүлөрүн жана башка салттуу балуулуктарды аныктап жазмакчы болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>