Снос — бул термин акыркы убакта Кыргызстанда абдан актуалдуу болууда. Себеби, күн жылып жаздын келиши менен Бишкектеги айрым көчөлөрдү кеңейтүү максатында, кызыл сызыкка чыгып кеткен жеке менчик турак-жай ээлеринин мүрктөрү сүрдүрүлөрү белгилүү болду.
Албетте мындай чечим бир четинен туура. Шаар көчөлөрүн иретке келтирип, кеңейтсе элге ыңгайлуулук түзүлөт. Бирок, ошол эле мезгилде ошол көчөлөрдө жашаган калкка зыян алып келүүсү мүмкүн. Себеби короо-жайыбыз гана эмес, үйүбүз кошо түрттүрүлөт экен дегендер интернет желелеринде жайнап жүрөт. Буга ким күнөөлүү? Кезинде генпланга карабай жерди башаламан бөлүштүргөн ошол кездеги шаар бийлигиби же өзүм билемдик менен кызыл сызыктан чыгып кеткен жашоочуларбы? Деги эле изилдей берсең бул суроонун аягына чыкчудай эмессиң.
Бишкектин айрым көчөлөрүн кеңейтүү иштери жүрөрү тууралуу өткөн жылдын февраль айынын аягында эле жергиликтүү тургундар Бишкек мэриясынан менчик укугун тастыктаган документтерди тапшыруу керектиги тууралуу билдирүү алышкан. Ал эми март айында эле муниципалитет жолду кеңейтүүнүн алкагында айрым имараттарды бузууну пландап жатканын эскерткен.
Мунун баары эмне үчүн жасалууда? Бул иштер кимге пайда, кимге зыян деген суроо туулат. Бишкек мэриясы бул ыкма шаардагы тыгындарды жоюуга жардам берет деп эсептейт.Туура биз өзгөрүшүбүз керек, унаалар менен адамдар күн санап көбөйүп жаткан шаарды да кеңейтүү бул замандын талабы. Мындай кылбаска арга жок. Антпесе жолдорго унаа батпай баратканы жашыруун эмес. Жолдогу тыгындар ар бир шаар тургунунун көкөйүнө көк таштай тийип бүткөнү да сыр эмес. Ага ылайык, мына ушундай реконструкция иштери аткарылышы зарыл. Бирок, эң өкүнүчтүүсүкөчөлөрдү кеңейтүү жашыл зоналардын эсебинен жүрүп жатканы, Бишкекте жашыл зоналар азайгандан-азайып баратканына маалым.
Дегеним, реконструкция иштеринин алкагында Айтматов көчөсүн бойлой өсүп, шаарга өзгөчө кооздук берип, далай жаштардын сүйүү баянында жазылып, тартылып калган дарактардын кыйылышы болду. Буга активисттер да каршы чыккан.
«Бак-дарактар көлөкө, нымдуулукту камсыздап, абанынбулганышын жана унаалардан чыккан газдарды азайтат, ошону менен айлана-чөйрөнүн адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирин азайтат. Учурдагы иштер абанын булганышы боюнча кырдаалды начарлатат», — деген билдирүүлөрдү жасашты.
Бирок муниципалитет, ал дарактар картайып, тамыры чирип калганын, алар катуу шамал болсо кулап түшүү коркунучу бар экенин, алардын ордуна жаш клен дарагынын көчөттөрү отургузуларын айтып коомчулукту тынчтандырды.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын 17-мартынан тарта Бишкек мэриясы президенттин Иш башкармалыгы мененбиргеликте Чыңгыз Айтматов проспектисин Абсамат Масалиев проспектисинен (Түштүк магистраль) Семетей көчөсүнө чейин кеңейтүү боюнча долбоорду ишке ашырууну баштаган. Планга ылайык, жол алты тилкелүү болуп, коомдук транспорт үчүн атайын тилке жана веложол болот. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, веложолдун курулушу үчүн «Киргизия-1» жана «Киргизия-2» конуштарынын жашоочуларынын жерлерин жарым-жартылай тартып алууга мажбур болот. Мындай окуяга 66 үйдүн кожоюндары туш болгон. Бирок жергиликтүү калктын дооматына бир аз күн мурун сүрдүрүү иштеринин алкагында вице-мэр Жамалбек Ырсалиев, биз жеке мүлккө тийген жокпуз, тротуарга чыгып салынган муниципалитеттик жерде турган тосмолорду гана алуудабыз деген пикирин айтты. Ал ошондой эле компенсация маселеси ачык бойдон калып жатанын белгиледи.
«Жеке менчикке эч ким кол салбайт, муниципалдык аймактарда гана иш алып барабыз. Тургундардын укугун эч ким жокко чыгарган жок. Бирок долбоорду ишке ашырууга жолтоо болуп, кечиктирбеңиздер»,-деген.
Буга чейин жергиликтүү тургундар Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен жолугушуп, 70-жылдардагы Бишкектин башкы планы көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргөн. Ал жерге президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев да келген. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызыл сызыктан чыккан айрым үйлөрдүн тосмолорун бузуу зарыл экендиги дагы бир ирет эскертилген. Ал эми калаа башчысы Айбек Жунушалиев жогоруда айтылган, кызыл сызыктан чыгып кеткен 66 үйдүн кожоюндары тосмолорун өз эрки менен бузушпаса, шаардык кызматтар мажбурлап аткарарын билдирген. Ал эми калаа башчысы бул жерде компенсация төлөнбөй турганын айткан.
Эске сала кетсек, азыр тургундар чуру-чуу түшүп жаткан Восточная көчөсү Киргизия-1 жана Киргизия-2нин чыгыш тарабындагы эң четки көчө болуп саналат. Бул көчөдө жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жок. Алар чоң жолдон басып жүрүшөт. Ошондой эле асфальт да жок. Азыр эми бардык тийиштүү шарттар түзүлөт десе, мыйзамсыз курулуштарын албай жатканы да кызык болууда.
Ал эми, бүгүн Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн жашоочулары жолугушуп, бардык тосмолор мамлекеттин эсебинен бир тилкеге орнотулуп, бирдиктүү дизайнда жасаларын айтты.
Ал ошондой эле эгерде бош жер участоктору болсо, Чыңгыз Айтматов проспектиси тарабынан объектти чегинтүү эсебинен Восточная көчөсүнөн жер участокторун бөлүп берүү маселеси карала турганын айтты.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, аталган аймактын жашоочулары чындап эле кээ бир тосмолор муниципалдык жерлерге түшүп калганын белгилешүүдө жана алар шаар бийлигинин бул аймакты тазалоосуна каршы эмес. Бирок жашоочулар кийинки этапта бул тилкелерди биротоло алыпалуу үчүн жеке менчик жерге орнотулган объектилерди сүрдүрүү болот деп кооптонуп жатышканын айтышат.
Жогоруда аталган аймак, Бишкектеги көчөсү кеңейтиле турган жалгыз аймак эмес. Андан сырткары Горький көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишикеңейтилип, Байтик Баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде да кошумча тилке пайда боло турганы жана Бишкектин түндүк айланма жолунун 15 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрөрү айтылган. Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда подрядчик компания биринчи алты тилкелүү автожолдун курулушунда жер казуу иштерин жүргүзүүдө. Ага ылайык, кызыл сызыктан чыгып кеткен короолорду сүрдүрүү иштери бул аймакта да жүрөрү бышык. Демек, жарандар тараптан нааразы пикирлер бул жерде да айтылары бышык.
Бишкек шаарынан тышкары жолдордуу кеңейтүү иштери учурда Ош шаарында, Өзгөн районунда, Чоң-Алай жана Алай райондорунда да аткарылууда. Ал жакта дагы жашоочулар менен жергиликтүү бийликтин ортосунда дал ушундай «каршы-макул» деген талаш-тартыш көрүнүш.
Албетте, мамлекет жолдорду реконструкциялап, коммуникацияларды орнотуп жатат, бул нормалдуу процесс. Бирок ошол эле маалда биздин Конституция, Жер кодексибиз жеке менчикти коргойт. Бул реконструкциялардын жүрүшүндө мамлекеттик органдар баарын эске алуулары керек. Канткен күндө да учурдагы шаар бийлиги акыйкатуу чечим кабыл алып, элдин ою менен эсептешип койсо ашыкча болбос деген ой келет.