Чүй облусунда өрттүн кесепетинен 8 жашар бала каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын Кайназарова көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 06:10до Сокулук райондук №23 ӨКБдан жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:59да толук өчүрүлгөн.
Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза тапкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз