Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгы 22 уюлдук телефон сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, аталган башкармалык 327 миң 580 сомго Samsung A14 4 (A145) үлгүсүндөгү 22 телефон жана кубаттагычтын баштарын (22 даана) сатып алууну пландап жатат.
Тендер боюнча арыздар 13-ноябрга чейин кабыл алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз