Бишкекте Апсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди

Бишкекте Апсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди

Бишкекте  Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

Өлкө башчысы Апсамат Масалиевдин жөнөкөйлүк, мекенчилдик сапаттарын белгиледи.

«Баса белгилеп айта кетүүчү сөз, Абсамат Масалиевдин тушунда 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары атайын мыйзамдын кабыл алынышы тарыхый мааниси бар окуя болгондугун эч ким тана албайт. Мына ошол Жогорку Советтин жыйынындагы тарыхый окуяда Абсамат ага “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кабыл алууга бардык негиз бар экенин айтып, кыргыз тилинин кабыл алынышы менен эл чарбасы бир топ жакшы адистерден кол жууйт дегендей болбогон шылтоолорду четке каккандыгы азыр да жалпы журтка кеңири маалым», — деди президент.

Апсамат Масалиев 1985-1991-жылдары өлкөнү башкарып, 2004-жылы көзү өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>