Сот Канатбек Исаевди СИЗОдо камоо мөөнөтүн узартты

Сот Канатбек Исаевди СИЗОдо камоо мөөнөтүн узартты

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаевди СИЗОдо камоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, токтом 21-ноябрында кабыл алынды.

“Канат Исаевге карата мурда тандалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2022-жылдын 23-декабрь күнүнө чейин узартылды”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун 23-октябрындагы токтомуна ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн айыпталуучу Канат Исаевге карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>