Канат Исаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Соттун түшүндүрмөсү

Канат Исаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Соттун түшүндүрмөсү

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенатбек Исаев бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук сотунун 23-октябрындагы токтомуна ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн айыпталуучу Канат Исаевге карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылды.

“2018-жылдын 1-октябрындагы айыпталуучу И.К.К.га карата тандалган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү жана ал УКМКнын тергөө изоляторуна 23-ноябрга чейин камакка алынды”, — деп айтылат маалыматта.

23-октябрда Бишкекте 20дан ашык оппозициялык саясатчы менен активисттердин 48 саатка камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>