СПИД менен жабыркаган балдарга кандай жардамдар берилет?

30.11.2022 | 09:28

СПИД дартынан жабыркаган балдарга каралган жөлөк пулдун өлчөмү 8 миң сом болду. Бул тууралуу жумушчу кеңешмеде сөз болгондугун Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева “Парламент” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер бул сумма жетишсиз экенин айтып, жөлөк пулду 10 миң сомго көтөрүүнү өтүнүшкөн.

“2005-2006-жылдары төрөлгөн балдардын СПИД дартына чалдыккандары 16-17 жашка келип калышты. Алардын ЖОЖдордо окуйм дегендерине квоталык орундар берилсе, келишимдик негизде окугандарына контракт акысына жардамдар каралса, бир топ колдоо болмок. Ипотека маселесинде да алардын жагдайы эске алынуусу керек”, – деди депутат.

Ал белгилегендей, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги 2023-жыл үчүн каралган каражаттарды бөлүштүрүүдө аталган дарттан жабыркагандардын сунуштары эске алынмакчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top