Чүйдө үч кабаттуу төрөт үйү курулат

Чүйдө үч кабаттуу төрөт үйү курулат

Чүй облустук бириккен ооруканасынын базасында перинаталдык  борборун (төрөт үйү) куруу демилгеленди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, оорукананын аймагында борборду курууга ылайыктуу эки кабаттуу бузууга тийиш болгон имараты менен  жер тилкеси даяр.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев тарабынан аталган имараттын ордуна заманбап, бардык шарты менен, 6 бөлүмдөн турган, үч кабаттуу перинаталдык борбор куруу демилгеси көтөрүлүүдө. Облус жетекчиси жер тилкесинин документтерин мыйзамга ылайык келтирип, келечекте курулуучу борбордун долбоорун дыкат иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Бүгүнкү күндө ыйгарым укуктуу өкүл Нурил Алымбаев инвестиция тартуу багыты боюнча өзүнүн жардамчысы Туратбек Сыдыков менен бирге перинаталдык борбордун долбоорун ишке ашыруу боюнча Катар кайрымдуулук фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>