Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Болгариядагы дүйнө чемпионатына катышатЖээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштү
Суучул Денис Петрашов Түркиядагы мелдеште коло алды
14.08.2022 | 09:50
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркиядагы Ислам тилектештиги оюндарында коло байге алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Спортчу брасс стилинде 50 м аралыкка жарышта үчүнчү болгон.
Алдыда Денис Петрашов 200 жана 100 м аралыктагы жарыштарга катышат.
Белгилей кетсек, Ислам тилектештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Учурда Кыргызстандын курамасынын капчыгында жалпы 6 алтын, 5 күмүш, 4 коло медаль бар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт