Директорлорду тандоо: Ошто 88 талапкер сынактан өтө алды

Директорлорду тандоо: Ошто 88 талапкер сынактан өтө алды

Кечээ, 13-августта Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тестирлөө Ош мамлекеттик университетинде өткөн.

Алгач директорлук кызматка ат салышуу үчүн 541 киши документтерин тапшырган. Сынактын биринчи баскычында 169 талапкердин документтери толук болбогондуктан, алар сынактан четтетилген. Жыйынтыгында 372 талапкерге тестирлөөгө катышууга уруксат берилген.

Сынак күнүндө 13 талапкер келбей калгандыктан, 359 жаран тестирлөөгө катышкан.

«Жыйынтыгында 88 талапкер босого жана андан жогору балл алды. Бул катышуучулардын 25% түздү», — деп билдиришти министрликтен.

Ош облусунда мектеп директорлугуна 244 бош орун бар.

Эскерте кетсек Кыргызстан боюнча мектепти 5 жылдан ашык жетектеген директорлордун ордуна сынактык тандоо жүргүзүлүүдө. Өлкө боюнча жалпы 966 мектептин директорлук кызматына сынак өткөрүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: тестирлөө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>