Сузакта өспүрүм кыз бир тууган агасынан көз жарганы айтылууда

Сузакта өспүрүм кыз бир тууган агасынан көз жарганы айтылууда

Сузак районунда 15 жаштагы кызды зордуктаган деп 2000-жылы туулган бала эки айга камалды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Ал эми шектүү жабырлануучунун бир тууган агасы экендиги тууралуу айрым басылмаларда жазылып жаткан маалыматты азырынча облустук милициянын өкүлү тастыктаган жок.

“Кыздын жашы жете электигине байланыштуу аны ачыктай албайбыз. Факт — кыз зордукталган, шектүү камалган”, — деди милициянын өкүлү.

Айрым басылмалар окуя өткөн жылдын күз мезгилинде болгонун, өспүрм кыз бир тууган агасынан кош бойлуу болуп жакында эле көз жарганын жазып чыгышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>