Жер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалуудаЧек ара кызматы менен Туризм фонду туристтер үчүн тоо каттамдарын санариптештиретЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилдиКыргызстан үчүн ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна катышуу шарттары жөнөкөйлөтүлөт
Таласта токойдон өрт чыгып, 40 гектар жер күйдү
19.03.2025 | 09:20
Таластын Бакай-Ата районунда 18-мартта токойдо чыккан өрттүн аянты 40 гектарды түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 18-мартта саат 12:52де аларга Кең-Арал айылындагы токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө баш-аягы 135 адам, анын ичинде 40 куткаруучу, токой кызматынан 35 адам жана жергиликтүү тургундардан 60 киши тартылган.
Өрт саат 19:28де толугу менен өчүрүлгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Өрттүн аянты 40 гектарды түзүп, куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн.
Министрлик өрттү өчүрүүдө жаңы алынган техникалар керекке жараганын белгиледи. Өчүрүү иштери учурунда шамал учкундарды учуруп, өрттүн күч алышына себеп болуп, кыйынчылык жараткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом