Улуттук банк 2026-жылдагы пайдасын толугу менен мамлекеттик бюджетке которотЕӨБ Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүүгө 370 миңден ашык доллар бөлөтМанас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу завод ачылдыКыргызстанда контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу сунушталуудаОнкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулдуСаламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду
Таласта токойдон өрт чыгып, 40 гектар жер күйдү
19.03.2025 | 09:20
Таластын Бакай-Ата районунда 18-мартта токойдо чыккан өрттүн аянты 40 гектарды түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 18-мартта саат 12:52де аларга Кең-Арал айылындагы токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө баш-аягы 135 адам, анын ичинде 40 куткаруучу, токой кызматынан 35 адам жана жергиликтүү тургундардан 60 киши тартылган.
Өрт саат 19:28де толугу менен өчүрүлгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Өрттүн аянты 40 гектарды түзүп, куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн.
Министрлик өрттү өчүрүүдө жаңы алынган техникалар керекке жараганын белгиледи. Өчүрүү иштери учурунда шамал учкундарды учуруп, өрттүн күч алышына себеп болуп, кыйынчылык жараткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом