Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн
Турак үйдөн бут кийим, алтын уурдаган шектүү кармалды
19.03.2025 | 09:27
Бишкекте 20 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, райондук милицияга жаран кайрылып, белгисиз адам анын Ш.Руставели көчөсүндөгү үйүнө кирип, 5 миң сомдук бут кийимди, алтын буюмдарды жана банк картасын уурдап кеткенин билдирген. Ошондой эле картадан 160 миң сом акчаны чыгарып алганын айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалган. Шектүү эч жакка кетпөө чыкпоо тилкаты менен бошотулган.
Учурда тергөө уланып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар