Таластын тургуну пикир келишпестиктен классташынын колунан көз жумду – видео

Таластын тургуну пикир келишпестиктен классташынын колунан көз жумду – видео

Таласта классташтардын чатагы өлүм менен аяктады.  Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 12-октябрга караган түнү Талас шаарындагы соода борборлорунун биринде орун алган. Анда жергиликтүү эки тургун өз ара чатакташа кетип, бири экинчисин дүкөндө сатыкта турган бычак менен сайып жиберген.

Бычактан жаракат алган 23 жаштагы жигит ооруканада каза тапкан.

Окуянын видеосу да интернетке тарап, ал жерден окуя кандай болгондугун көрүүгө болот.  Аталган тасмадан биринчи жигит экинчисин кармап, улам токтотуп бара жатканын көрүүгө болот. Бир саамдан кийин узун бойлуусу экинчисин текчеде сатыкта турган бычактын бирин алып сайып жиберген. Ал арада экөөнүн жанына бир нече балдар келип, тегеректеп, жаракат алган жигитти колтуктап жетелеп, бирок ал алсырап баса албай калгандыгы камерага түшүп калган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>