Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Тамчыда аэропорттун дубалы кайра кулады. Эми ал тор менен тосулат
20.02.2024 | 17:50
Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы аэропорттун дубалы кайра кулады. Анын сүрөтү социалдык тармакка жүктөлдү.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбековдун айтымында, катуу шамал тосмону кулаткан.
“Катуу шамалдан 40 тонналык контейнер дагы ордунан жылып, арматуралар кыйшайып, жеке үйлөрдүн дубалдары дагы урап калганын жергиликтүү эл видеого тартып чыгарып жатат. Андыктан, окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербейли. Ал жердин шамалына дубал туруштук бере албайт экен, андыктан тор тосмолор коюла турганын билдиребиз”, – дейт ал.
Белгилейм кетсек, өткөн жылы дагы аэропорттун дубалы урап, ал подрядчы компаниянын эсебинен кайра тургузулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом