Бишкекте бейтаптын тууганы боюнда бар медайымды сабап салган

Бишкекте бейтаптын тууганы боюнда бар медайымды сабап салган

Бишкектеги Улуттук госпиталда бейтаптын тууганы медайымды сабап салган. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 19-февралда болгон. Ооруканада жаткан бейтаптын тууганы өз ишин аткарып жаткан медайымды сабаган. Медайымдын 3 айлык боюнда бар болгон. Ал боюнан түшүп калуу коркунучу менен шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылган. Учурда абалы туруктуу.

«Биздин кызматкерлер бейтаптарыбыздын ден соолугуна жан үрөп кам көрүп келишет жана аларга карата ар кандай зомбулук аракеттерине жол берилбеши керек. Биз кызматкерлерибиздин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөбүз. Ошол эле учурда бардык бейтаптарды жана алардын жакындарын сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдон келген аракетин жасап жаткан биздин кызматкерлерге сый-урмат жана түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», — дейт Бакыт Төлөгөнов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>