Ташиев: Райымбек Матраимовго бир сотых жерин калтырбайбыз (видео)

27.01.2024 | 16:00

Мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматын ээлеген, “Райым миллион” атыккан Райымбек Матраимовдун байлыгы мамлекетке алынат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы соодагерлер менен болгон жолугушууда билдирди.

Ташиев Матраимовго издөө жарыяланганын сөз кылып, анын мүлкү мамлекетке алынарын айтты.

“Азыр Матраимовго издөө жарыяланды. Ош облусунун тегерегиндеги, Кыргызстандын аймагындагы мал-мүлкүн мамлекетке алабыз. Матраимовго бир сотых жерин калтырбайбыз. Эми ал кайтып келгенден кийин мурдагы “Райым миллион” болбойт. Жөнөкөй адам катары сиздердин араңарда Кара-Сууга (Кара-Суу базары – ред.) барып, бир орун алып, соода кылса, жанын багат.

Мурдагыдай “Матраимов” деген бир да клан болбойт. Алардын кланын жок кылабыз деп Ош облусундагы 50гө жакын мамлекеттик органдын ар түрдүү жетекчилерин кызматтан алдык”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган. 2021-жылы Биринчи май райондук соту аны «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган.

Быйыл 26-январда Матраимов УКМК тарабынан издөөгө алынганы белгилүү болду.

Scroll to Top