Балыкчыда окуучу кызды сүзүп кетти делген милициянын мурдагы башчысы кармалды

Балыкчыда окуучу кызды сүзүп кетти делген милициянын мурдагы башчысы кармалды

Ысык-Көлдө 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен окуяга байланыштуу Балыкчы шаардык милициянын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Осмонбаев ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилет.

Белгилүү болгондой, окуя 26-январда Балыкчыда болгон. Шаардык милициянын кызматтык унаасы 11 жаштагы кызды сүзүп, окуя жеринен качып кеткен. 11 жаштагы кыз жергиликтүү оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Кийин унаада эки милиция кызматкери — Балыкчы шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев жана анын иниси болгону аныкталган.

Аталган окуя боюнча Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул факт ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган. ИИМдин Ички иликтөө кызматы жүргүзгөн териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык милициянын жетекчиси Бектур Осмонбаев менен анын иниси кызматтан алынган. Министрликтин маалыматы боюнча, Осмонбаевдин иниси күнөөнү өзүнө алып, кырсык болгон учурда унааны ал башкарып бара жатканын айткан.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүнө (Коркунучта калтыруу) ылайык кылмыш иши козголуп, ишти объективдүү иликтөө үчүн материалдар УКМКга өткөрүлүп берилген.

Reporter.kg′ге өздүк булактар билдиргендей, Бектур Осмонбаев окуучу кызды сүзүп кеткен деп шектелүүдө.

Эскерте кетсек, 26-январда унаа сүзүп кеткен кыздын атасы коомчулукка кайрылуу жасап, кырсык болгондо унааны шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев айдап бара жатканын жана ал мас абалда болгонун билдирип чыкты. Анын айтымында, Осмонбаев наркологиядагы текшерүүгө өзүнүн инисин жөнөтүп койгон.

Кызы оор абалда реанимацияда жатканын айткан ата президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бул маселени көзөмөлүнө алып берүүнү суранган.

Балыкчыда милиционер өспүрүм кызды сүзүп, качып кеткен. ИИМ үн катты

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>