Кыргызстан менен болгон оюндан кийин Омандын машыктыруучусу кызматтан алынды

Кыргызстан менен болгон оюндан кийин Омандын машыктыруучусу кызматтан алынды

Оман футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Бранко Иванкович командасынын Азия кубогундагы Кыргызстан менен болгон оюнунан кийин кызматтан алынды. Бул тууралуу Омандын футбол федерациясы билдирди.

Белгилүү болгондой, 25-январда өткөн беттеште эки курама 1:1 эсебинде тең ойногон. Мындан улам эки команда тең 1/8 финалга чыгууга жетиштүү упай ала албай, Азия кубогунан четтеген. Кыргызстан атаашдаштарын 2 гол айырмачылыгында утса, ал эми Оман 1:0 эсебинде жеңишке жетсе, плей-офф баскычына чыга алмак.

Аталган оюндан кийин Омандын футбол федерациясы хорватиялык машыктыруучу Бранко Иванкович менен келишимди узартуудан баш тарткан.

Ошол эле учурда Кыргызстанда да футбол күйөрмандары “ак шумкарлардын” Азия кубогундагы ийгиликсиз оюндарынан кийин кураманын башкы машыктыруучу Штефан Тарковичти кызматтан кетирүү керектигин айта башташкан.

Бул боюнча маалымат жыйында Штефан Тарковичке “алдыда дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо оюндары бар, ал мелдештерде команда менен каласызбы” деген суроо узатылганда, ал Кыргызстандын курамасынын машыктыруусу бойдон калууну кааларын айткан.

«Команда менен келишим 2024-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн. Мен курама менен калып, аларды тандоо оюндарына даярдайм деп ишенем», — деген Таркович.

Эржан Токотаев башкы машыктыруучу Таркович тууралуу оюн айтты (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>