Ташиев: Райымбек Матраимовго бир сотых жерин калтырбайбыз (видео)

Ташиев: Райымбек Матраимовго бир сотых жерин калтырбайбыз (видео)

Мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматын ээлеген, «Райым миллион» атыккан Райымбек Матраимовдун байлыгы мамлекетке алынат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы соодагерлер менен болгон жолугушууда билдирди.

Ташиев Матраимовго издөө жарыяланганын сөз кылып, анын мүлкү мамлекетке алынарын айтты.

“Азыр Матраимовго издөө жарыяланды. Ош облусунун тегерегиндеги, Кыргызстандын аймагындагы мал-мүлкүн мамлекетке алабыз. Матраимовго бир сотых жерин калтырбайбыз. Эми ал кайтып келгенден кийин мурдагы “Райым миллион” болбойт. Жөнөкөй адам катары сиздердин араңарда Кара-Сууга (Кара-Суу базары – ред.) барып, бир орун алып, соода кылса, жанын багат.

Мурдагыдай “Матраимов” деген бир да клан болбойт. Алардын кланын жок кылабыз деп Ош облусундагы 50гө жакын мамлекеттик органдын ар түрдүү жетекчилерин кызматтан алдык”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган. 2021-жылы Биринчи май райондук соту аны «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган.

Быйыл 26-январда Матраимов УКМК тарабынан издөөгө алынганы белгилүү болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>