“Ташталган ымыркайдын атасы ким?”. Депутат энелерди камоого каршы чыкты
Таштандыга, көчөгө ташталган ымыркайлардын маселесин комплекстүү колго алуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Ал баласынан баш тартып жаткан энелерди дароо эле камакка албай, психологиялык жардам көрсөтүүнү сунуштады.
“Неге кыздарды кармап барып, камап жатасыңар? Балдардын атасы ким? Психологдор иштеп жатабы? Баланы кайра мажбурлап эле колуна карматып жөнөтөсүңөр. Ал бөбөк кайда? Аны кароого акча, үй-жай барбы?”, – дейт Элвира Сурабалдиева.
Эл өкүлү 2024-жылдын бюджетинен сөзсүз түрдө бэби-боксторго акча бөлүүнү талап кылды.
Ноябрь айында үч эне жаңы төрөлгөн баласынан баш тартып, анын өмүрүнө коопсуздук жаратуу менен кооптуу жерге таштап кеткен. 8-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Андан 10 күндөн кийин Жалал-Абад шаарында таштанды челектин жанында жаткан бөбөк ооруканага жеткирилди. 19-ноябрь түнү Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан целлофан баштыкка оролуп, коробкага салынган бала аныкталган.
Ымыркайлардын экөөсү – уул, бирөөсү – кыз, абалы жакшы. Үчөөң тең энеси такталып, 18-21-жаштагы кыздар кармалды.
“Кечиксек, бөбөк чарчап калмак”. Бишкекте көчөгө ташталган дагы бир ымыркай табылды (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз