«Кечиксек, бөбөк чарчап калмак». Бишкекте көчөгө ташталган дагы бир ымыркай табылды (видео)

«Кечиксек, бөбөк чарчап калмак». Бишкекте көчөгө ташталган дагы бир ымыркай табылды (видео)

Ленин районунун Арча-Бешик жаңы конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан желим баштыкка оролгон ымыркай табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге патрулдук милициянын кызматкери Толкунбек Ташболотов билдирди.

Анын айтымында, бала кечээ түнү оор абалда табылган.

«Үй ээлеринин кызы көрүп калып, милицияга чалышкан. Биз барганча балага эч ким тийбептир, бир аз кечиксек, бөбөк чарчап калмак. Анткени аны желип баштыкка ороп, оозуна даараткана кагазын тыгып коюптур. Денеси мупмуздак болчу. Ымыркай жаңы эле төрөлгөн, денеси ылай, киндигин дагы кескен эмес, үзүп койгон», — дейт Толкунбек Ташболотов.

Милиция ымыркайды дароо №2 төрөтканага жеткирди.

«Бүгүн эртең менен кабар алдым. Баланын абалы жакшы дешти. Өзү дем алып жатыптыр», — дейт ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бала дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кабарлады.

Эскерте кетсек,8-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Кийинчерээк баланы таштанды челекке таштап кеткен 21 жаштагы жаран кармалды. Ага карата «өз баласынын өмүрүнө кол салуу аракети» айыбы менен иш козголгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>