Жалал-Абадда жаш кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга таштап салган

Жалал-Абадда жаш кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга таштап салган

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ымыркай 18-ноябрь күнү саат 08:40 чамасында табылган.

Бул окуя боюнча жерине милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Териштирүү учурунда, ымыркайды таштандыга таштап салган эне таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан Базар-Коргон районунун 2005-жылы туулган Т.Э. аттуу тургуну экени аныкталган.

Ал 18-ноябрь күнү болжол менен саат 07:30да өзү жашаган батирдин жуунуучу бөлмөсүнүн ичинде кыз бала төрөп, корконунан ымыркайын баланын кийимине ороп, эшикке алып чыгып, таштанды таштоочу жайга алып барып таштап салган.

Ымыркайды жергиликтүү тургун таап алып, милицияга кабарлаган. Милиция кызматкери ымыркайды төрөт үйүнө алып барган. Бала үшүп тоңуп калган (денесинин температурасы — 35 градуска чейин түшүп кеткен), абалы оор болгон.

Кыз бою 44 см, салмагы 2300 грамм болуп төрөлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда энеси жаңы төрөлгөн ымыркайын көчөгө таштап кеткен учур ноябрь айында эле үчүнчү ирет болуп жатат.

Буга чейин 8-октябрда  Бишкектин Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Кийинчерээк баланы таштанды челекке таштап кеткен 21 жаштагы жаш кыз кармалды. Ага карата «өз баласынын өмүрүнө кол салуу аракети» айыбы менен иш козголгон.

Андан кийин 19-ноябрда түнгө жуук Бишкектин Арча-Бешик конушунда желим баштыкка оролуп, коробкага салынган ымыркай табылган. Көп өтпөй баласын таштап кеткен эне — 20 жаштагы кыз кармалган.

Ымыркайын көчөгө таштап кеткен деп шектелип 20 жаштагы кыз кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>