Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:35те тажик тарап курал колдоно баштаган. Баткен районунун Чир-Дөбө аймагында Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүнө ок чыгарган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
«Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин бөлүктөрү ортосундагы негизги атышуулар Төрт-Көчө жана Чир-Дөбө аймактарында жүрүп жатат. Тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонууда», — деп жазат басма сөз кызматы.
Буга чейин саат 18:30да Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгү Тажикстандын жарандары тарабынан жабылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин саат 19:30да жол кыймыл үчүн ачылган.