Текебаев: Кыргызстандын экономикасы чоң темп менен өнүгүүдө

Текебаев: Кыргызстандын экономикасы чоң темп менен өнүгүүдө

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын экономикасы чоң темп менен өнүгүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасынын өсүшү тууралуу эл аралык уюмдар да айтып жатат.

«Кыргыз экономикасы акыркы жылдары чоң темп – 6-8 пайыз менен өнүгүүдө. Бул абдан чоң темп. Европада 0,5-1%, артка кеткен учурлар болууда. Алар менен салыштырып караганда бул суктанарлык өсүш. Мен өкмөттүн «мынча пайыз менен өсүп жатабыз» деген билдирүүлөрүнө «өкмөт айта берет» деп ишенбөөчүлүк менен кароого көнгөн адаммын. Бирок эл аралык абройлуу институттар да ошол санды айтып жатат», — дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>