Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Текебаев: Кыргызстандын экономикасы чоң темп менен өнүгүүдө
03.12.2024 | 09:50
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын экономикасы чоң темп менен өнүгүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасынын өсүшү тууралуу эл аралык уюмдар да айтып жатат.
“Кыргыз экономикасы акыркы жылдары чоң темп – 6-8 пайыз менен өнүгүүдө. Бул абдан чоң темп. Европада 0,5-1%, артка кеткен учурлар болууда. Алар менен салыштырып караганда бул суктанарлык өсүш. Мен өкмөттүн “мынча пайыз менен өсүп жатабыз” деген билдирүүлөрүнө “өкмөт айта берет” деп ишенбөөчүлүк менен кароого көнгөн адаммын. Бирок эл аралык абройлуу институттар да ошол санды айтып жатат”, – дейт ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом