Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Жыл башынан бери автобус жана маршруткалардын катышуусунда 254 жол кырсык болду
03.12.2024 | 09:20
Жыл башынан бери өлкөдө автобус жана маршруткалардын катышуусунда 254 жол кырсык катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Жол кырсыктарда 450 жаран ар кандай жаракат алып, тилекке каршы 31 киши каза болгон. Башкармалык билдиргендей, аталган көрсөткүч былтыркыга караганда азайганы менен олуттуу көйгөй бойдон калууда.
Жол эрежесин бузган автобус жана маршруткалардын айдоочуларына 4 миң 692 протокол түзүлүп, 377си кызматтан четтетилген.
ЖКККББ жүргүнчү ташыган коомдук унааларга көзөмөлдү күчөтүп, рейд жүргүзө тургунан белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом