Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Тестирлөөгө катышкан мугалимдердин бирөөсү гана даражасын таксыктай алды
21.02.2024 | 10:54
Бишкек жана Ош шаарларында педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун экинчи этабы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ага бардык региондордон 56 мугалим катышты.
Жыйынтыгында Баткен облусунун Кара-Токой мектеп-гимназиясынын орус тили сабагынын мугалими Нургүл Маманазарова биринчилерден болуп “Экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасын тастыктады.
Калгандар 50% дан жогору баа алды, бирок максималдуу упайга жете алышкан жок.
Белгилесек, аттестация ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
Көз карандысыз аттестациянын жыйынтыгы категория ыйгаруу же ыйгарбоо маселесине гана тийиштүү жана мугалимдин ишинин башка аспектилерине таасир этпейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом