Медайымдын сабалышы боюнча милиция териштирүү жүргүзүүдө

Медайымдын сабалышы боюнча милиция териштирүү жүргүзүүдө

Бишкектеги Улуттук госпиталда медайымдын сабалышы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-февралда саат 11:00до “102” кызматына «Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүндө бейтапты карап жаткан аял медайымды сабап салды» деген маалымат түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барганда, С.А. аттуу медайым аны бир аял эч себепсиз сабаганын билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен аталган аялдын иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Медайымга кол көтөрдү делген 42 жаштагы А.Б. аттуу аял тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Андан соң чакыруу боюнча келүү милдеттенмеси менен кое берилген.

Учурда тергөө чейинки териштирүү иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов аларда иштеген медайымды бейтаптын тууганы сабап салганын билдирип чыккан.

Медайымдын 3 айлык боюнда бар болгон. Ал боюнан түшүп калуу коркунучу менен шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылган. Учурда абалы туруктуу.

Бакыт Төлөгөнов жарандарды медицина кызматкерлерине сый-урмат менен мамиле кылууга үндөгөн.

Бишкекте бейтаптын тууганы боюнда бар медайымды сабап салган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>